Эми MBANK Junior картасын ачуу мурдагыдан да жеңил болуп калды!
ААК “Коммерциялык банк Кыргызстан” | MBANK MJunior картасын каттоо процессин мурдагыдан да жеңил жана ылдам кылды. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана керектелет.
Болгону бир канча кадам менен гана ата-энеге катталган, балага тиешелүү картаны ала аласыз.
MBANK Junior картасын ата-энеге кантип каттоого болот?
- MBANK колдонмосуна катталыңыз. MBANK аккаунтуңузга кириңиз жана негизги баннерге өтүңүз.
- “Баланы кошуу” бөлүмүн тандаңыз. «Картаны өзүңүзгө каттоо» бөлүмүн тандаңыз жана баланын персоналдык маалыматтарын толтуруп, баланын жынысын, сүрөтүн кошуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, балага каттоону өтүңүз. Сөзсүз толтурулган маалыматтарды текшерип чыгыңыз.
- Каттоону тастыктаңыз. “Тастыктоо” баскычын басып, тастыктоо сыр сөзүн жазыңыз.
- Баланын телефонуна колдонмону көчүрүңүз. MBANK колдонмосун баланын телефонуна көчүрүңүз.
- Картага буйрутма бериңиз. Картанын ийгиликтүү ишке киргизүүсү үчүн MBANK Junior картасына буйрутма бериңиз.