MBANK жана VISA “MBANK менен Мальдивыга сапар тарт” акциясын баштайт
ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK VISA менен биргеликте жаңы акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт - “MBANK менен Мальдивыга сапар тарт”. Бул уникалдуу демилге MBANK тиркемесинин колдонуучулары VISA карталарын колдонуу менен эл аралык которуулардын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. Акциянын катышуучулары чет өлкөгө акча жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болбостон, мыкты белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүнө ээ!
Акцияга кантип катышууга болот?
"MBANK менен Мальдивыга сапар тарт" акциясынын катышуучусу болуу үчүн сиз бир нече жөнөкөй шарттарды аткарышыңыз керек:
- Visa картасынан Visa картасына которууларды жүргүзүү: “Visa карталарын толуктоо” жана “Карта номери боюнча которуу” кызматтарын тандоо менен которууларды жүргүзүү үчүн MBANK мобилдик тиркемесин колдонуңуз. Бул сиздин каржылык операцияларыңыздын тез жана коопсуз аткарылышын камсыз кылат.
- Которуулар эл аралык болушу шарт: Сиздин которуулар башка өлкөлөрдө чыгарылган карталарга жөнөтүлгөнүн текшериңиз. Бул сизге эл аралык которуулардын артыкылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
- Которуунун минималдуу суммасы: Ар бир которуу операциясы үчүн эң аз $20 (же анын эквиваленти) болушу керек. Бул шарт эл аралык которууларды көбүрөөк пайдаланууга стимул берүүгө багытталган.
- Катышуу аймагы: Акция Кыргыз Республикасынын аймагында жеткиликтүү, бул MBANK’тын бардык колдонуучуларына ага оңой катышууга мүмкүндүк берет.
- Apple AirPods 3
- Garmin Venu 3
- iPhone 15 Pro
- Мальдив аралдарына саякат