MBANK кардарларынын коопсуздугун коргоону күчөтөт: алдамчыларга каршы жаңы функция
MBANK коопсуздуктун жаңы функциясын ишке киргизди, ал аркылуу кардарлар өз аккаунттарына кирүүнү толук көзөмөлдөй алышат. Эми сиз башка түзмөктөрдөн MBANKка кирүүгө тыюу сала аласыз — логин жана сырсөз белгилүү болсо да, MBANKка башка телефон аркылуу кирүү мүмкүн болбойт.
Бул функция ишке киргизилгенден кийин, колдонмодо расмий эскертүү пайда болот — ал белгисиз түзмөктөрдөн кирүүнү бөгөттөп, сиздин каражаттардын коопсуздугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Функцияны кошкондон кийин эмне болот?
Кирүү бир гана MBANK орнотулган негизги түзмөктөн гана мүмкүн.
Логин жана сыр сөз алдамчыларга белгилүү болсо да — башка түзмөктөн кирүү бөгөттөлөт.
Функцияны каалаган убакта колдонмонун жөндөөлөр бөлүмүнөн күйгүзүп же өчүрсө болот.
“Башка түзмөктөн кирүүнү бөгөттөө” функциясын кантип ишке киргизсе болот?
- MBANK колдонмосун ачыңыз
- “Дагы” бөлүмүнө өтүңүз
- “Жөндөөлөр” бөлүмүн тандаңыз
- “Коопсуздук” бөлүмүнөн “Башка түзмөктөн кирүү” функциясын ишке киргизиңиз же бөгөттөңүз
- Болбойт — белгисиз адамдарга акча которууга. Алар канчалык ишенимдүү сүйлөсө дагы жана өздөрүн ким деп тааныштырбасын — сиздин мээнет менен тапкан акчаңыз өзүңүздө калышы керек.
- Болбойт — сыр сөздөргө, SMS коддорго жана карта маалыматын бөлүшүүгө. Бул маалымат — сиздин каржыңыздын ачкычы. Эч качан, эч кимге бербеңиз.
- Болбойт — шектүү шилтемелерге кирүүгө. Кайсы платформада болбосун, мессенджерлерде, жеке каттарда. Бир баскыч — жана шылуундарга эшик ачылып кетиши мүмкүн.