MBANK менен дайыма пайдалуу: MARKETте ашыкча төлөмсүз жана үстөк пайызсыз товарларды сатып алыңыз
Кардарлардын ынгайлуулугу үчүн ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK товарларды MARKET кызматынан MPLUS аркылуу бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизет.
Жаңы мүмкүнчүлүктүн аркасында кардарлар MPLUS кредиттик линиясын колдонуп, товарларды MARKETтен ашыкча төлөмсүз жана пайызсыз сатып алып, чыгымдарды бир нече айга бөлө алышат.
«MPlus бөлүп төлөө кызматын MARKET кызматына интеграциялоо биздин кардарларга өз чыгымдарын ийкемдүү башкарууга мүмкүндүк берет. Биз бул чечим сатып алуу процессин дагы да ыңгайлуураак жана жеткиликтүү кылып, ашыкча кыйынчылыктарсыз бөлүп төлөөнүн ыңгайлуу пландарын сунуштайт деп ишенебиз», - деп кошумчалады IT кызматтарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Калиман Рашидова.
Кантип бөлүп төлөөнү каттоо керек?
- MBANK колдонмосун ачыңыз
- MARKET кызматына кириңиз
- Товарды тандап, аны себетке кошуңуз
- Төлөмдү тандоодо “M+ алуу” баскычын басыңыз
- Эгер сиз MPLUS колдонуучусу болбосоңуз, керектүү маалыматтарды киргизиңиз
- Андан кийин, төлөмдү ырастаңыз
- Кредиттик лимитти алуу: Кредиттик лимитти алуу үчүн кардарлар жөн гана арызды толтуруп, алардын жеткиликтүү лимитин аныктай турган текшерүү процессинен өтүшү керек.
- Бөлүп төлөө: Бүткүл алынган чекти MARKETтен сатып алуулар үчүн колдонсо болот. Төлөм 3 айдын ичинде жүзгүзүлөт, кийинки айдан баштап, биринчи төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.
- 0% ашыкча төлөм: Сиз товардын баасын гана төлөйсүз, кошумча чыгымдарсыз.
- Бөлүп төлөө мөөнөтү: 3 ай.
- Буйрутманын минималдуу суммасы: 2000 сомдон баштап.
- Акысыз жеткирип берүү: Бөлүп төлөө менен товар сатып алууда жеткирүү акысыз.
- Кэшбэк: Кэшбэк бөлүп төлөп, сатып алууда мүмкүн эмес экенин эске алыңыз, ал түз сатып алууларда гана жеткиликтүү.
- Жеткиликтүүлүк: Учурда бөлүп төлөө кызматы Бишкек шаарында гана MBANKтан MARKET аркылуу жеткиликтүү.