MBusiness жана MKassa’дан ишкерлер үчүн “Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды
2024-жылдын 17-октябрында ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK "Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал" акциясынын биринчи жеңүүчүлөрүн сыйлады! Бул чоң акциянын алкагында MBusiness жана MKassa менен биргеликте иштеген ишкерлер жаңы муундагы үч автоунаа жана миңдеген башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Акция кандай жүрүп жатат?
2024-жылдын 7-октябрынан 2024-жылдын 22-декабрына чейин өлкөнүн ишкерлери MBusiness жана MKassa төлөм куралдарынын QR-коддору аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү активдүү кабыл алып, байгелерге ээ болуп жатышат.
Негизги байгелердин катарында үч IX муундагы Toyota Camry автоунаасы, фирмалык мерчтер, AirPods Pro 2, iPhone 16 жана MacBook Air M2 бар.
Биринчи сыйлык тапшыруу аземинде гаджеттердин жана фирмалык товарлардын ээлери болгон бактылуу жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн арасында QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган кичи жана орто бизнестин ээлери, ар кайсы тармактагы ишкерлер бар. Кээ бирөөлөр жеке дүкөнгө ээ, кимдир бирөө тейлөө тармагында иштешет, биринин тигүү цехи, ал эми башкасынын жеке кофеканасы бар, бирок алардын бардыгын заманбап төлөм куралдарын активдүү колдонуу бириктирет.
Биринчи этаптын бактылуу жеңүүчүлөрү:
- ИП Н***а А*** Д***а- AirPods Pro 2
- ИП М***о Л***а С***а- Iphone 16
- ИП Б***в Н***к Б***ч- AirPods Pro 2
- ИП Т***в М***с Ш***ч- MacBook Air M2
- ИП Ч***в Ж***к Р**ч- AirPods Pro 2
- Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 5000-операциясы фирмалык товардын топтомун алып келет
- Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 50 000- операциясы AirPods Pro 2 болмокчу.
- Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 100 000- операциясы iPhone 16 болуп саналат
- Акциянын бардык катышуучуларынын ар бир 300 000- операциясы MacBook Air M2 жеңип алуу мүмкүнчүлүгүн берет.