Нымдуу тема. Жижиң (заара кармай албоо) тууралуу 7 "уяттуу" маселе
Жижиң (заара кармай албоо/инконтиненция) – Бул оорулуу адам көзөмөлдөй албаган аргасыз сийдик чыгаруу. Оору өлүмгө алып келбейт жана ден соолукка таасир этпейт, бирок жашоо сапатын олуттуу түрдө төмөндөтөт. Ыңгайсыз абалга түшүп калуудан чочулап, адам акырындап саякаттан, интимдик жашоодон, театрга баруудан жана спорт менен машыгуудан баш тартып баштайт. Элден безип жалгыз өмүр сүрүү, башкалардын сөз кылуусу, мурда кубаныч тартуулаган нерселерден баш тартуу – мунун баары акырындан өзүн кем сезүү жана депрессияга алып келиши мүмкүн. Жижиң симптомдоруна жараша 3 типке бөлүнөт:
- Стресс абалында заара кармай албоо: интраабдоминалдык басым жогорулаган кезде пайда болот. Бул спорт менен машыгууда, оор жүк көтөргөндө, жыныстык катнашта, чүчкүргөн, жөтөлгөн жана каткырып күлгөн учурда болуусу мүмкүн.
- Ургенттик заара кармай албоо: ар дайым эле өз убагында көңүл буруу мүмкүн болбогон, чыдамсыздык менен заара чыгаруу каалоосунун пайда болуусу менен мүнөздөлөт.
- Жижиңдин аралаш формасы: инконтиненциянын биринчи жана экинчи формасынын белгилерин бириктирген түрү.
- Оор, травмалуу төрөт;
- Ашыкча салмак;
- Гинекологиялык операциялар (мисалы, киста же шишик);
- Климакска байланыштуу гормоналдык өзгөрүүлөр;
- Гиперактивдүү табарсык (табарсык катуу толбой туруп, заара катуу кыстайт, дааратканага баргандан кийин да табарсык толук бошобогондой сезим калат);
- Жамбаш органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруулары (цистит же аягына чейин дарыланбаган грибоктук инфекциялар табарсыктын дубалчаларын дүүлүктүрүүсү мүмкүн, ал өз кезегинде дааратканага башаламан улам чуркатат);
- Ашыкча күчүркөнүүнүн натыйжасы (белдин төмөн жагындагы жана жамбаш булчуңдарына өнөкөт күч келтирилген учурда табарсыкты жөлөп туруучу жамбаш астындагы булчуңдар алсырайт);
- Кээ бир дарыларды ичүү.
- Жамбаш сөөк булчуңдарын бекемдөөчү үзгүлтүксүз физикалык көнүгүүлөр;
- Тамактанууну көзөмөлдөө (рациондогу тузду азайтуу, уксустан жана салмак алдыруучу азыктардан баш тартуу, жетиштүү өлчөмдө суу ичүү);
- Активдүү жашоо образы (сууда сүзүү, машыгуучу жана чуркоочу жол шаймандарын колдонуу);
- Кегель көнүгүүлөр (перинеалдык булчуңдарды бекемдөө жана машыктыруу).
- Табарсыкты машыктыруу. Заара чыгаруу планын түзүү жана аны аткаруу. Дааратканага баруу интервалын улам узартып туруу керек.
- Жамбаш астын бекемдөө үчүн көнүгүүлөр. Ал белгилүү бир убакыт аралыгында булчуңдарды кезек менен чыңалтып, кайра эс алдырууну ичине камтыйт.
- Физиотерапия. Бул жамбаш сөөгүндөгү кан айлануунун жакшыруусунан улам байламталарды жана булчуңдарды бекемдейт жана чоюлчаак болуусуна шарт түзөт.
- Медикаменттердин жардамы менен дарылоо. Керектүү дарыны инконтиненциянын тибине, белгилерине жана кошумча дарттарына жараша врач дайындайт.