SerepTV Logo

"Винни-Пух" тууралуу коркунучтуу тасма тартылды

"Винни-Пух" тууралуу коркунучтуу тасма тартылды
Улуу Британияда "Винни-Пух жана анын достору" мультфильминин негизинде коркунучтуу тасма тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Британдык жазуучу Алан Милндин Винни-Пух тууралуу китебинин негизинде тартылган коркунучтуу тасмага Риз Уотерфилд режиссёрлук кылган. Тасма "Винни-Пух: кан жана бал" деп аталып, 10 күн аралыкта тартылган. Маалыматка ылайык, Виннинин ролун америкалык актёр Крейг Дэвид Доусетт, ал эми анын курбусу Пятачокту (чочко) "Чаки" сериалынын жылдызыд Крис Корделл ойногон.