SerepTV Logo

6-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
6-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндуз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 3…8; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7° жылуу болот.
info