SerepTV Logo

Чубак Жалиловдун атынан майыптарга белек тапшырылды. Иш-чарага ажынын жубайы катышты

Чубак Жалиловдун атынан майыптарга белек тапшырылды. Иш-чарага ажынын жубайы катышты
Бүгүн, 2-декабрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге атайын жабдыктар белекке берилди. Иш-чараны “Датка-Айым” кайрымдуулук фонду уюштуруп, алар маркум ажы Чубак Жалиловдун атынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, өлкөнүн ар аймагынан келген 20 адамга арабаны автоматтык түрдө сүйрөй турган жабдыктарды тапшырышты. Иш-чарага Чубак Жалиловдун жубайы Айсалкын айым да катышып, сөз сүйлөдү: “Уюштуруучулар кандай тилек кылса, баары кабыл болсун. Бейиш эшиги ачылсын. Көзү тирүү болгондо (ред. Чубак Жалиловдун) бул иш-чарага өзү катышмак экен”. Кайрымдуулук иш-чарадан видеорепортажды алдыңкы сааттарда SUPER TV каналынан көрө аласыздар.   https://youtu.be/tqlh7l222kM
Unknown Author