SerepTV Logo

Депутат: "Менин тааныштарым “Клексан” таппай жүрүшөт"

Депутат: "Менин тааныштарым “Клексан” таппай жүрүшөт"
Жогорку Кеңештин комитеттик жыйында депутат Айнура Аскарова “дары-дармектерге карата баа саясаты турукташтыбы?” деп суроо салды. Ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жооп берди. Анын айтымында, дары-дармек компанияларынын жетекчилери кымбаттоого доллардын курсу жогорулап жатканы, чек аралардын жабык турганы себеп болгонун билдиришкен. Мындай жоопту уккан депутат “мамлекеттин дары-дармектин баасын токтотууга күчү жетпей жатат” деди. “Азыр деле керек болуп жаткан дары-дармекти издеп жүргөндөр бар. Менин тааныштарым “Клексан” таппай жүрүшөт” деди Айнура Аскарова.
admin@supertv.kg