Эльвира Сурабалдиева: "Жалал-Абадда коронавирустан каза болгон 8 бейтаптын өлүмү текшерилет"
Жалал-Абадда коронавирус илдетинен каза болгон 8 бейтаптын өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче беришет. Жалал-Абадда тогуз бейтап жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которулган. Алардын сегизи каза болгон. Бул боюнча териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди”, - деп жазган ал.