SerepTV Logo

Калпак кийген, кыргызча сүйлөгөн Новиков элдин назарын өзүнө буруп жатат

Калпак кийген, кыргызча сүйлөгөн Новиков элдин назарын өзүнө буруп жатат
Буга чейинки чыгарылышта Исфанадагы аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылыш аземине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун катышканын айтып бергенбиз. Дал ошол иш-чарада Новиковдун кыргыз тилинде сүйлөгөнү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Видеодо анын мамлекеттик тилде сүйлөгөнү аземге катышкандар тарабынан да жылуу кабыл алынганы көрүнөт. Буга чейин биринчи вице-премьердин Чүй облусунун Көк бөрү боюнча беттешине калпак кийип барганы да көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле.
admin@supertv.kg