Кыргыз өлкөсүндө учурда кандай аба каттамдары бар?
Кыргыз өлкөсүндө учурда кандай аба каттамдары бар экенин Жарандык авиация агенттиги жарыялады. Аптасына Түркияга үч авиакомпания 17 жолу, Орусияга эки авиакомпания 2 жолу, Казакстанга бир авиакомпания 2 жолу, Бириккен Араб Эмирликтерине бир авиакомпания 3 жолу, Өзбекстанга бир авиакомпания 1 жолу каттам аткарып жатат. Ички каттамдарга келсек, аптасына Бишкек-Ош-Бишкек 26 жолу, Жалал-Абад – Бишкек – Жалал-Абад 1 жолу, Бишкек-Баткен-Бишкек 1 жолу учууда. Суроо-талапка ылайык, бул каттамдардын саны көбөйтүлүп, Исфанага каттамдар ачылышы мүмкүн.