SerepTV Logo

Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет.
Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иран Ислам Республикасына жеткирүүгө жөнөтүлдү. Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган. Аталган жүк КРнын Ирандагы элчисинин катышуусунда жеткирилип, иран тарапка тапшырылат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="300527,300528,300529,300530,300531"]
info