SerepTV Logo

"Мага спектакльдин кереги жок". Камчыбек Ташиев Баткенде эл менен жолугушту

"Мага спектакльдин кереги жок". Камчыбек Ташиев Баткенде эл менен жолугушту
Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилерге эскертүү берди. Маалыматка ылайык, кечээ, 11-декабрда, Раззаков айылынын жашоочулары менен жолугушууга барган учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жашоочулардын көпчүлүгү жолугушууга киргизилбей, сыртта калган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну байкап элди киргизүүгө буйрук берип, ал атайын даярдалган 4 адам менен эмес эл менен жолугушуу үчүн келгенин жана ага мындай жасалма жолугушуунун кереги жок экенин айткан.
"Мени элден тоспогула. Эл менен жолугушуп, маселелерин чечиш керек. Мага спектальдин кереги жок", - деген УКМК төрагасы.