SerepTV Logo

Сабиров Кочкор аймактык ооруканасынын ачылыш аземине катышты

Сабиров Кочкор аймактык ооруканасынын ачылыш аземине катышты
Вице-премьер Равшанбек Сабиров Нарын облусунун Кочкор районундагы Мантыш айылында жайгашкан Кочкор аймактык ооруканасынын филиалынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул ооруканага УЗИ, рентген-аппараттары коюлган. Ошондой эле тиш дарыгеринин жана кош бойлууларды төрөткө чейин көзөмөлдөө, даярдоо боюнча иш бөлмөлөрү ачылды. Жаңы курулган медициналык мекеме Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтөт. 1950-жылы салынган аталган оорукананын имаратынын эскилиги жеткен. Жергиликтүү бийликтин кайрылуусунун негизинде эл аралык кайрымдуулук фонду 7 миллион сомго жаңы оорукана курууга жардам берди.
admin@supertv.kg