SerepTV Logo

"Тезек тергиле" деген күн жакындап калдыбы? Өкмөт электр энергиясы автоматтык түрдө өчүрүлүшү мүмкүн дейт

"Тезек тергиле" деген күн жакындап калдыбы? Өкмөт электр энергиясы автоматтык түрдө өчүрүлүшү мүмкүн дейт
Электр энергиясын керектөө жогорулаганына байланыштуу подстанцияларга оордук келип жатат. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай жагдайдан улам автоматтык өчүрүүлөр болушу ыктымал. "Токтогул суу сактыгычында 16-декабрга карата суунун көлөмү 13,1 миллиард метр куб суу калды. Өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралууда", - дейт Сабиров. Буга чейин “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасынын башчысынын орун басары Асхат Бердиев “Көмүр жагып, электр энергиясын үнөмдөгүлө” деген эле.
admin@supertv.kg