SerepTV Logo

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди
Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Түркиядан мекенине кайтып келгени, үй-бүлөсү менен учурашкан видео Азаттыкка чыкты.  Маалыматтарга караганда, 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун кийлигишүүсү жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилген.