SerepTV Logo

“Уральские авиалинии” авиакомпаниясы Ош жана Бишкек шаарына чартердик каттамдарды жандандырат

“Уральские авиалинии” авиакомпаниясы Ош жана Бишкек шаарына чартердик каттамдарды жандандырат
Орусиялык “Уральские авиалинии” авиакомпаниясы Орусиянын 8 шаарынан Ош жана Бишкек шаарына чартердик каттамдарды жандандырат. Бул тууралуу аталган компания социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Каттамдар Москва, Жуковский, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Нижневартовска, Казань, Красноярск жана Самара шаарларынан жүргүзүлүп, билеттер сатыкка коюлган. Маалыматка ылайык, жүргүнчү сөзсүз түрдө COVID-19 илдетин жуктурбагандыгы тууралуу билдирме жана учканга чейин 72 саат мурун тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү керек.
Unknown Author