Борбор калаадагы “Аю-Гранд” соода борборунун аймагынан өрт чыкты
Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу Чокон Валиханов көчөсүндө жайгашкан "Аю-Гранд" соода борборунун аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган соода борборунда Калкты тейлөө борбору да бар.
Маалыматка ылайык, билдирүү саат 13:18 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өчүрүү иштерин баштаган.