Башкы прокуратура: "Саламаттыкты сактоо министрлиги 1,5 сомдук бахиланы 150 сомго сатып алган"
Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жеке коргоочу каражаттарды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул маалыматты ведомствонун басма сөз кызматынан таратышты.
2020-жылдын 6-майында Ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз түрдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен жеке коргоочу каражаттар — комбинезон, бахила жана медициналык кол каптарды жогорулатылган баада сатып алууга байланышкан келишим түзүшкөн. Мындан тышкары 101 миң 300 даана кол кап техникалык талаптарга жооп берген эмес.
Андан тышкары келишимде 1,5 сомдук 150 000 жуп бахила жеткириле турган болсо, 1 500 жуп гана бахила 150 сомдон алып келинген. Мыйзам бузуулардын кесепетинен мамлекеттин бюджетине жалпы 5 миллион 175 миң 200 сом зыян келтирилген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 320-322-беренелери менен тергөө жүрүп жатат.
Ал учурда саламаттыкты сактоо министри болуп Сабиржан Абдикаримов, ал эми департаменттин директору болуп Абдыкадыр Жороев эмгектенген.