SerepTV Logo

Бишкек-Москва багытындагы авиабилетти 67 миң 800 сомго саткандар кармалды

Бишкек-Москва багытындагы авиабилетти 67 миң 800 сомго саткандар кармалды
Финпол Орусияга авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Каржы полициянын кызматкерлери текшерүү иретинде Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча билет сатып алышкан. Борбордогу авиакассалардын бири билетти 67 миң 800 сомго саткан. "Анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөн. Ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан", - деп жазылат маалыматта. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда республика боюнча ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
edita