SerepTV Logo

Бишкекте азык-түлүк дүкөнүндө өрт чыкты

Бишкекте азык-түлүк дүкөнүндө өрт чыкты
Бүгүн, 23-январда, Бишкектин 5-кичи районунда азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт №47 үйүнүн жанындагы азык-түлүк дүкөнүндө түнкү саат 02:42 чамасында башталган. Анда 50 чарчы метр аянт жана 11 даана муздаткыч күйүп кеткен. “Өрт электр жабдыктарын туура эмес орнотуудан улам келип чыккан”, - деп жазылат маалыматта. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, жабыркагандар болгон жок. Тилсиз жоо саат 04:30да толук түрдө өчүрүлгөн.
Unknown Author