SerepTV Logo

Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды
Бишкек шаарында жасалма номур тагып алып жүргөн Honda CR-V унаасы кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. "Жумабек менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны патрулдук милициянын кызматкерлери токтотушкан. Анда айдоочунун документтерин текшерүү учурунда мамлекеттик номуру башка Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунаага тиешелүү экендиги аныкталган", - деп билдиришти кайгуул кызматынан. Учурда бул факты боюнча кармалган унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми 1982-жылы туулган О.Э. аттуу айдоочусу Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Unknown Author