Бишкекте мышыктарды тепкилеген аялга кылмыш иши козголду
Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мышыктарды тепкилеген аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Аялга 15 кошунасы биригип арыз жазган. Факты боюнча "Жаныбарларга катаал мамиле кылуу" беренесинин негизинде иш козголгон.
Мышыктардын бирин кошуна үйдүн жашоочусу багып алган. Экинчиси кайда экени белгисиз.