SerepTV Logo

Бишкекте түн ичинде мушташкандар кармалды. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

Бишкекте түн ичинде мушташкандар кармалды. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты
Кечээ, 8-сентябрда саат 04:00дөр чамасында «102» кызматына Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери мушташка катышкан үч жаранды кармашкан. 2002-жылы туулган жабырлануучу медициналык мекемеге жеткирилген. Ал арыз жазуудан баш тарткан. Кармалгандарга Укук Бузуулар кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлүп, учурда Ленин РИИБдин убактылуу кармоо жайында.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Ленинского района г.Бишкек (@uvdleninsky312)

edita