SerepTV Logo

Бишкекте унаа өрттөнүп кетти

Бишкекте унаа өрттөнүп кетти
Бүгүн, 23-январда Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндө, жол четинде токтотулуп турган унаадан өрт чыгып, толук куйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унаа 11:25тер чамасында чамасында күйө баштап, өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир бөлүм тартылган. 10 мүнөттө өрт толугу менен өчүрүлүп, аймак курчоого алынды. Өрттөн жабыр тарткандар болгон жок.
Unknown Author