SerepTV Logo

Бишкекте кичи автобустун жүргүнчүсүнөн 40 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте кичи автобустун жүргүнчүсүнөн 40 миң доллар уурдаган шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустагы жүргүнчүдөн 40 миң доллар уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык кечээ, 26-январда болжол менен кечки саат 6 чамасында Бишкек шаарынын “102” кызматына 7-апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобустун ичинен баштыгымды уурдап кетти деген чалуу түшкөн. Баштыкта жабырлануучунун уюлдук телефону жана 40 миң доллар акчасы болгон. Аталган кылмышка шектелип 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
edita