SerepTV Logo

Бишкектеги “NOVA” кафесинин ээси алдамчылыка шектелип кармалды

Бишкектеги “NOVA” кафесинин ээси алдамчылыка шектелип кармалды
Бишкектеги “NOVA” кафесинин ээси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 16-декабрда милиция кызматкерлерине кайрылган арыз ээси Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Nova» кафесинин ээсинен жабыркаганын айткан. Арыз ээсинин айтымы боюнча, ага аталган кафени сатып алуу сунушталган. Ал үчүн ээсине 2 бөлмөлүү батир, 877 миң 800 сомго бааланган Форд Мондео үлгүсүндөгү 2 унаасын жана 2 миллион 310 миң сомдук Мерседес-Бенц Виано унаасын берген. Бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иликтөөнүн натыйжасында, кафе ээси аны башкаларга да сатканы аныкталган.
edita