SerepTV Logo

Бишкектеги соода борбордун эскалаторуна наристе кыпчылып калды

Бишкектеги соода борбордун эскалаторуна наристе кыпчылып калды
Кечээ, 23-июнь күнү Бишкек шаарындагы "Караван" соода борборунда 2021-жылы туулган Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="244415,244417,244416"]