SerepTV Logo

Чүй облусу боюнча башкы автоинспектордун кайсы иш менен кармалганы айтылды

Чүй облусу боюнча башкы автоинспектордун кайсы иш менен кармалганы айтылды
Буга чейин Бишкек шаарында Чүй облусунун башкы автоинспектору Шаирбек Бопонов  кармалганы маалым болгон. УКМК анын “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайындагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деген шек менен колго түшүрүлгөнүн бүгүн билдирди. “Аталган жайда документтерди текшерүү деген шылтоо менен инспекторлор эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан 500дөн 5 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталды. “Актилек-автожол” аркылуу күн сайын 100дөн 200гө чейин автоунаа өтөт” деп жазылат маалыматта. 24-февралга дейре УКМКнын тергөө абагына киргизилген Шаирбек Бопоновдон сырткары Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын үч кызматкери да кармалганы маалым болду.
admin@supertv.kg