SerepTV Logo

Чүйдө ижарага алган унаа менен кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда жашы жете элек кызды уурдоого шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 22-декабрда болжол менен саат 21:00дө Аламүдүн РИИБге Васильевка айылында белгисиз адамдар күмүш түстөгү унаа менен 2008-жылы туулган кызды уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, багыттамалар берилген. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Жайыл районунун Сосновка айылында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө жайында Honda Step үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унааны 1995-жылы туулган жаран башкарып жүргөн. Ичинде изделип жаткан кыз жана 7 адам болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2005-жылы туулган жаран никеге туруу максатында алдын ала тааныштары менен сүйлөшүп алып, унааны ижарага алып, жашы жете элек кызды үйүнүн алдынан уурдап кеткендиги аныкталган. Тергөө иши улантылууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУВД Чуйской области КР (@chuiguvd)

edita