SerepTV Logo

ИИМ: Мончодо бала зордукталган видео Алтайдын Кош-Агач айылында тартылган

ИИМ: Мончодо бала зордукталган видео Алтайдын Кош-Агач айылында тартылган
Мончодо бала зордукталган видео Алтайдын Кош-Агач айылында болгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. “Алдын-ала текшерүүнүн жүрүшүндө, Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында 2019-жылдын август айынын башында жашы жете элек жаран башка жашы жете элек балага карата зордук-зомбулук көрсөткөндүгү аныкталды. Бул факт боюнча  Улаган район аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жашы жете элек жаран РИИБге жеткирилип, Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган. Ал эми 2020-жылдын 31-декабрында айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.
edita