SerepTV Logo

ИИМдин орун басары Өмүрзаковдун бир тууган иниси өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду

ИИМдин орун басары Өмүрзаковдун бир тууган иниси өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду
Рейдерлик басып алууга шектүү катары кармалган Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков өлкө аймагынан чыкпоо тууралуу тил кат менен камактан бошотулду. Мындай маалыматты  Өмүрзаковдун жактоочусу таратып, чечимди 30-январда Биринчи май райондук соту чыгарганын билдирди. Өткөн жылдын 12-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Улукбек Өмүрзаковдун Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде камакка алган болчу. Улукбек Өмүрзаков учурдагы Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун бир тууган иниси болот.
Unknown Author