Жалал-Абадда 20 жаштагы жигитти 2 бөлөсү зордуктап жүргөн
26-январда Чаткал райондук ички иштер башкармалыгына 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, аны эки бөлөсү жана дагы бир жигит күч колдонуп зордуктап жүргөнүн айткан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2001-жылы туулган баланы 2011-жылдын жай айынан баштап, 2012-жылдын кыш айларына чейин эки бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир жигит күч колдонуп зордуктап келген.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 162-беренесине (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) ылайык кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.