SerepTV Logo

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн мүчөсү кармалганын кабарлады. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн атайын ыкчам аракеттердин алкагында 33 жаштагы адам кармалган. Ал буга чейин Ички иштер министрлигинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган. Ички иштер министрлиги бул адам эмне кылмыштарга шектелип жаткандыгы боюнча кенен маалымат бере элек.
Unknown Author