SerepTV Logo

Караколдо жеңил унаа Жыргалаң суусуна түшүп кетти

Караколдо жеңил унаа Жыргалаң суусуна түшүп кетти
28-январь күнү Каракол - Түп унаа жолунун 13-чакырымында "Volkswagen Golf" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. Ал Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Жерине Каракол шаардык №15- өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, сууга түшкөн автоунааны Ак-Суу райондук жол кайгуул кызметкерлерине өткөрүп беришкен.  
Unknown Author