Киши колдуу болгон Жибек Урустемованын иши УКМКга өткөндөн кийин 2 милиция кызматкери кармалды
Свердлов райондук милициянын жооптуу инспектору өзүнүн кызматтык милдеттерин одоно бузуп, жабырлануучунун бир нече жолу кайрылганына карабастан, арыз ээсинин жана анын балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган чараларды көргөн эмес. Андан тышкары, мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүүдөн кийин инспектор кылмышкердин жашаган жери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү тууралуу актыларды мурдагы дата менен жасалмалаган, ошентип өзүнүн аракетсиздигин жашырууга аракет кылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаардык милициянын Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору мыйзам талаптарын одоно бузуп, айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты мыйзамсыз түрдө бергендиги жана аны узартып тургандыгы да аныкталган. Ошол эле учурда, адам өлтүрүү жасалган учурда уруксаттын мөөнөтү аяктап калганына карабастан, улук инспектор айыпталуучудан тапанчаны алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.
Буга байланыштуу 29-декабрда эки милиция кызматкери кармалып, камакка алынды.