SerepTV Logo

Манас шаарындагы эс алуу багында мушташкан 17 жаран милицияга жеткирилди (видео)

Манас шаарындагы эс алуу багында мушташкан 17 жаран милицияга жеткирилди (видео)
Буга чейин социалдык тармактарда "Манас шаарында топ балдар мушташып жатат" деген видео тараган. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти. 10-cентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу багында тойдо жүргөн топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынып, жыйынтыгында бири-бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Увд Жалал-Абад (@uvdjalalabad)

edita