SerepTV Logo

Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке келтирген зыянды төлөп бергенин соттон маалымдашты

Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке келтирген зыянды төлөп бергенин соттон маалымдашты
УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы мамлекетке келтирген 1 миллион 34 миң сомго жакын зыянды төлөп берди. Мындай чечимди Ош шаардык соту кечээ, 13-январда кабыл алып, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду үй камагына чыгарган. Ал 11-январда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган эле. УКМКнын маалыматы боюнча, Савай айылында жайгашкан мектептин спорттук залын курууда аткарылган иштин баасы жалпы 1 миллион сомдон ашуун каражатка ашыра көрсөтүлгөн. Сайпидинов жогорудагы иштен тышкары уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары өтүп жатканы да маалым болгон эле. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болуп катышкан.
admin@supertv.kg