SerepTV Logo

Нарында интернеттен таанышкан кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

Нарында интернеттен таанышкан кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

Нарын милициясы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысына шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

28-августта Нарын ШИИБге жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысы катталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка Нарын шаарынын 1995-жылы туулган тургуну шектүү катары аныкталган.

Ал жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы такталган. Аталган факты боюнча 8-сентябрда Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Соттун чечими менен ага карата 4-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып, ТИЗО №24 мекемесине киргизилди.

edita