Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу жабылды
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Азыркы тапта да жамгыр катуу жаап жатат.
Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда.