SerepTV Logo

Ошто милиция кызматкери саптык кароо учурунда кармалды

Ошто милиция кызматкери саптык кароо учурунда кармалды
Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкери тарабынан жасалган 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү алдамчылык фактысы аныкталды. Тактап айтканда, 2024-жылдын ноябрь айында милициянын капитаны алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалап жарандан прокурор менен тергөөчүгө берүүнү шылтоолоп 220 миң сом, 5 миң рубль жана 5500 АКШ доллар акча алган. 20-август күнү Кара-Суу РИИБдин Мады айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын эртең мененки саптык тизилүүсүнүн жүрүшүндө милициянын капитаны УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан анын катышуусунда тергөө амалдарын өткөрүү үчүн кармалды.