SerepTV Logo

Ошто сел жүрүп, Бөрүбай-Атадагы эс алуучулар куткарылып жатат

Ошто сел жүрүп, Бөрүбай-Атадагы эс алуучулар куткарылып жатат
Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. Буга кошумча Ош шаардык №12 ӨКБдан 8 куткаруучу, №13 АӨКБдан 10 куткаруучу тартылды, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.
Мындан сырткары Ноокат районунда саат 13:30дар чамасында Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду ачууга №37 ЖТИден техника тартылды. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="245918,245916,245917"]