Оштогу сел: жалпы 800дөй үй жана социалдык объектти суу каптады
Алдын ала маалымат боюнча кечээ, 14-июль күнү катталган селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
- 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
- 642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча:
- 1 соц. обьект (1 бала бакча);
- 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.