SerepTV Logo

Өзгөндө сел жүрүп, 37 турак үйдү суу каптады

Өзгөндө сел жүрүп, 37 турак үйдү суу каптады
Кечээ, 21-июнь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда саат 22:33 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары сел сайынан ашып, Ана-Кызыл айылын суу каптагандагы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Өзгөн райондук өрткө каршы бөлүмүнөн ыкчам тобу жана техника тартылып, тазалоо иштери жүрдү.
Бүгүн, 22-июнь күнү Ана-Кызыл айылында катталган селдин кесепетин тактоо иштерине Өзгөн райондук ӨКБдан ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылды. Кырсыктын кесепетинен 37 турак үй жабыркады. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="244311,244312,244310"]