SerepTV Logo

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды

Сот Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды
Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ, 12-декабрда активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Айбек Теңизбай Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат. Анын соцтармактардагы билдирүүлөрүнө Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Анда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган. Активистке, кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен иш козголду.