SerepTV Logo

Талас облусунда мектеп өрттөндү

Талас облусунда мектеп өрттөндү
Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан Ак-Жар айылындагы Калыбаев атындагы орто мектеп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өрт болжол менен саат 07:30 чамасында мектептин от жагуучу бөлмөсүнөн чыккан. “Өрттү өчүрүүгө саат 07:48де Кара-Буура райондук ӨКБдан 1 бөлүм, саат 08:10до кошумча 1 бөлүм тартылган”,- деп айтылат маалыматта. Тилсиз жоо саат 11:45те толугу менен өчүрүлгөн.
edita