Төө-Ашууда эки унаа сүзүшүп, беш адам жаракат алды
Төө-Ашууда эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркаган. «Кырсык кечээ 16-декабрда саат 13:00 чамасында болгон. Бишкек-Ош жолунун 101-чакырымында Subaru Outback жана Subaru Forester кагышып, беш адам жаракат алышкан. Алар алган жаракаттар ар түрдүү . Учурда жагдайлар такталып жатат», - деп жазылат маалыматта.