Ысык-Көлдө аялды уулу менен кошо өлтүрүп кетишти
Ысык-Көл облусунун Кашат айылынын эки тургуну киши колдуу болгонун Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.
Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пункту боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүндө баштарында катуу нерседен жаракат алышкан 1967-жылы туулган аял киши менен анын 1992-жылы туулган уулу жансыз денелерин табышкан.
Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары каза болгон аялдын инисинин баласы, мурда соттолгон 1995-жылы туулган жаран аныкталып, ал издөөгө алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.